Кыргызстанда мектептердин 33% жана бала бакчалардын 52% борбордук канализация системасына туташпай калды.

Министрликтин маалыматына ылайык, республикада 1 миллион 27 миң бала билим алган 2207 мектеп бар. Мектептердин көбүндө суу жана жетиштүү санитардык шарттарга кирүү боюнча кыйынчылыктар бар. Мындай шарттар Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында өзгөчө белгиленет.

«Республика боюнча мектептердин 33% жана балдар бакчаларынын 52% ичүүчү суу менен камсыз болбогон. Мындай начар шарттар балдардын инфекциялык ооруларына чалдыгуусунун өсүшүнө алып келет. Мамлекеттик Санитардык жана Эпидемиологиялык Тазалык башкармалыгынын маалыматы боюнча, айрым айылдык аймактарда 79% чейин бала төрт түрдөгү паразиттик ооруларга кабылган,» дейт айлана-чөйрөнү коргоо кыймылы «Биомдун» өкүлү Анна Кириленко.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, «Биом» кыймылы жана ЮНИСЕФ балдар фонду менен биргеликте Кыргызстандагы мектептер үчүн санитария, гигиена жана суу менен камсыздоо боюнча мыкты демилгелер үчүн «Тап-таза» сынагын жарыялайт.

Сыйлык алган ар бир мектеп үчүн жетиштүү шарттарды камсыз кылуу үчүн бардык керектүү каражаттар берилип турат. Сынак тууралуу дагы кенен маалымат www.taptaza.kg сайтынан табууга болот.