BIOM мектептердеги энергияны сактоо чараларын финансылык колдоого алат

Экологиялык кыймыл «БИОМ» бир нече жылдан бери республикадагы мектептерди өнүктүрүү үчүн өзүнүн тажрыйбасын, билимдерин жана инвестицияларын багыттап жатат. Инициативанын бир нече багыттары бар, негизгиси – энергияны эффективдүү колдонуу чараларын ишке ашыруу менен физикалык мектеп чөйрөсүн жакшыртуу, мектептерди энергияны үнөмдөө чараларын практикалык түрдө ишке ашырууга көмөктөшүү жана алынган тажрыйбаны башка окуу жайларга өткөрүү үчүн пилоттук долбоорлорду жайылтуу.
БИОМ өзүнүн иштерин «Туруктуу келечек үчүн энергияны үнөмдөө» SPARE долбоорунун алкагында жүргүзөт, билим алуу процессинде студенттер жана мугалимдер үчүн чөйрөнү жакшыртууга приоритеттерди койот.