Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү

2015
- бүгүнкү күнгө чейин

Кыргыз республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү реформаларды өбөлгөлөө жана мониторинг жүргүзүү

ЕС колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Конрад Аденауэр атындагы фонд менен “БИОМ” экологиялык кыймылынын биргелешкен долбоору. Долбоордун максаты – билим берүү тутумун реформалоо үчүн, ошондой эле биздин коом үчүн реформалардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн чечимдерди кабыл алуу тутумундагы мамлекеттик органдардын Коомдук Кеңештеринин ролун жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу.

2014

Педагогикалык институттардын студенттеринин өндүрүштүк практикасы учурунда “мектеп күнү” ыкмасын пилоттоо жана магистратура үчүн окуу материалдарын иштеп чыгуу

Кыргызстандын педагогикалык институттарынын (И.Арабаев атындагы КМУ, Нарын мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети) студенттеринин педагогикалык практикасы учурунда “Мектеп күнү” ыкмасын пилоттоо; компетенттүүлүккө негизделген жана бүтүрүүчүлөргө багытталган туруктуу өнүгүү жана жашоо коопсуздугу принциптерине негизделген ыкмада спорттук-саламаттыкты чыңдоочу билим берүү стандарттарын текшерүү жана кайра карап чыгуу, ошондой эле магистратура үчүн окуу материалдарын иштеп чыгуу.

2012 – 2013

Жогорку педагогикалык билим берүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу. 1,2- фаза

Долбоордун биринчи фазасынын негизги максаты улуттук билим берүү программасынын үлгүсү менен бекитилген, компетенттүүлүккө багытталган ыкманын бир бөлүгү катары иштелип чыккан мектеп предметтеринин стандарттарын жана окутуучуларга коюлган талаптарды эске алуу менен жогорку педагогикалык билим берүүнүн стандарттарын макулдашуу жана жакшыртуу. Долбоордун экинчи фазасы табигый-илим адистиктеринин (табигый илимдер, химия, биология, физика, география) , ошондой эле компетенттүүлүккө багытталган бүтүрүүчүнүн үлгүсүн, маданияттар аралык принциптерди жана туруктуу өнүгүүнү эске алуу менен педагогикалык адистиктердин (баштапкы билим берүү) окутуучулары үчүн окуу-методологиялык куралдын долбоорун иштеп чыгууга басым жасайт.

2011 – 2012

“Аялдар жана балдар үчүн экологиялык укуктар” маалымат-билим берүү өнөктүгү

Кыргызстандын дүйнөлүк соода тутумуна активдүү катышуусунун жыйынтыктарынын бири – экологиялык тобокелдиктерди эске албастан өндүрүлгөн азыктар менен товарлардын биздин үйүбүздө пайда болуу коркунучу өскөндүгүндө. Кыргызстандын азыктарды контролдоо тутуму жана бажылык текшерүү тутуму начар. Ушуга байланыштуу өлкөнүн жергиликтүү рыногу көп сандаган кооптуу азыктардан жана күндөлүк керектелүүчү товарлардан корголгон эмес. Бул өзгөчө курамында уулуу заттар бар идиштерге, балдардын оюнчуктарына, ошондой эле зыяндуу кошулмалары бар азык-заттарга тиешелүү. Бул долбоордун негизги максаты – калк үчүн маалыматтык өнөктүк өткөрүү жана коомдук мекемелерде сатып алуу оюнча менеджерлер менен талкуу өткөрүү жана парламенттин депутаттары менен 2012-жылдагы экологиялык коопсуздуктун жана экологиялык укуктардын аспекттерин колдонууга тиешелүү талкуу өткөрүү аркылуу аярлуу топторду коргоонун даражасын жогорулатуу.

2010 – 2012

“Климатты Өзгөртүү Жана Саламаттык” Маалымат-Билим Берүү Өнөктүгү

Бул долбоордун негизги максаты: Кыргызстандын жети регионундагы коомдук саламаттыкты камсыздоо боюнча жергиликтүү уюмдардын кызматкерлеринин арасында окутуу жана пропагандалоо аркылуу жергиликтүү калктын климаттын өзгөрүүсүнө адаптация жана митигация потенциалын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун маанилүү экендигине тиешелүү маалымат алуусун жогорулатуу. Долбоордун негизги идеясы климаттын өзгөрүүсү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана калктын саламаттыгы маселелери боюнча биргелешкен маалыматтык-окутуу өнөктүгүн өткөрүү. Долбоордо 140 региондук саламаттыкты сактоо комитеттеринин, 980 медициналык-акушердик пункттардын кызматкерлерин жана 52 жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык контролдоо борборлорунун 150 өкүлүн окутуу боюнча иштер каралган.

2010 – 2015

Туруктуу өнүгүү, энергиялык майнаптуулук жана климаттын өзгөрүүсү боюнча маселелерди кыргызстандын билим берүү тутумуна киргизүү

Акыркы 5 жылда Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү реформалоо боюнча иш жүргүздү. Билим берүү программасын түзүүгө, анын өркүндөтүүгө жана окуучунун жеке жөндөмдөрүнө жана муктаждыктарына багытталган билим берүүнүн жаңы стандарттарын өнүктүрүү багытында чоң иштер жүргүзүлдү. Атайын муктаждыктары бар балдар үчүн ылайыктуу билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча белгилүү көлөмдөгү иштеп пландалып жатат. Долбоордун негизги максаты Туруктуу өнүгүү, энергиянын эффективдүү пайдалануу жана климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялануу маселелерин жаңы муундагы мектепте билим берүүнүн стандарттарына киргизүү. Коюлган максаттарга жетүү үчүн долбоордун төмөнкү багыттарында иш жүргүзүлөт: улуттук саясатка Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү позициясын бекитүү; Жогорку деңгээлдеги улуттук документтерге Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү киргизүүгө катышуу; Билим берүүнүн жаңы стандарттарын өнүктүрүүгө катышуу. Туруктуу өнүгүү, энергиянын эффективдүү пайдалануу жана климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялануу маселелерин жаңы муундагы мектепте билим берүүнүн стандарттарына киргизүү. Билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча мугалимдерди кайра даярдоого катышуу.

2010

Tacis экологиялык видеотекасын dvd форматка өткөрүү

TACIS экологиялык видеотекасы кызыкдар топтордун арасында кеңири таратуу үчүн DVD форматка которулду.

2008

Жождордун окутуучулары үчүн “туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү” көмөкчү окуу куралы

2007

Курчап турган чөйрө: кечээ, бүгүн, эртең

2007 – 2009

Жагымдуу айлана-чөйрө боюнча борбор азиянын жаштар тармагын колдоо

2005

"Туруктуу Өнүгүү Үчүн Билим Берүү: Дараметти Баалоо, Келечекке Көз Караш" 1-Улуттук Конференциясы

2005

Туруктуу жаратылыш пайдалануу технологияларын киргизүү боюнча программа иштелип чыкты (“айыл чарбасы жана ТӨ”, “Туруктуу туризм” ж.б. билим берүү программалары иштелип чыкты).

2003

Тереңдиктин экологиясы боюнча семинар

Долбоордун алкагында экологиялык билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргызстандын мугалимдеринин жана ӨЭУдын дараметин жогорулатуу боюнча иш жүргүзүлдү, атап айтканда, - тереңдик экологиясы ыкмаларын мектепте билим берүү практикасына киргизүү жана жергиликтүү коомдоштуктар менен экологиялык агартуу иштерин жүргүзүү.

2003 – 2005

ГЭФ/ВБ “Батыш Тянь-Шандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калуу” борборазиялык долбоорунун алкагында “Жашоо үчүн жашоо шарт түзөт” маалыматтык өнөктүктөрүнүн сериясын уюштуруу, “Экология” предметинин чеберканасында” мугалимдер үчүн көмөкчү окуу куралын басып чыгаруу.

2002

Мугалимдер Үчүн “Туруктуу Өнүгүү Мектеби” Жайкы Лагери

Долбоордун алкагында мугалимдер үчүн "Туруктуу Өнүгүү Мектеби" көмөкчү окуу куралы басылып чыкты.

2002 – 2005

Мектептеги Жашыл Өлкө

Окуу семинарлары, маалыматтык материалдарды басып чыгаруу жана мектептердин жанындагы аймактарга жандуу жаратылыштын микро коруктарын түзүү аркылуу Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого мектептердин жана жергиликтүү коомдоштуктардын дараметин жогорулатуу боюнча долбоор. Долбоордун алкагында Кыргызстандын ар башка облустарындагы экологиялык билим берүү жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү жаатында иштеген 25 мектептен турган тармак түзүлдү, бюллетень басылып чыкты. Долбоор Улуу Британиянын “Дарвиндин демилгелери” фондунун колдоосу менен "Field Studies Council" өкмөттүк эмес уюму менен бирге ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында Кыргызстандын ар башка региондорундагы мектептерден жана ӨЭУдан турган “Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана Туруктуу Өнүгүү үчүн” тармагы түзүлдү.

2001

XXI Кылым - Экомектеп

Долбоордун алкагында мектеп окуучуларын шаардын экологиялык көйгөйлөрүнө тартууга багытталган тренинг-сабактар өткөрүлдү, мектептин жанындагы участокторду жана гүлбактарды жашылдандыруу жүргүзүлдү. Жалпысынан 10 экологиялык акция уюштурулду, Бишкек, Кант, Токмок жана Шопоков шаарларынын 15 мектебинде, анын ичинен кыргыз тилдүү з мектепте тренингдер өткөрүлдү.

2000

2000-жылдан тартып туруктуу өнүгүү боюнча маалыматтык өнөктүктөр жүргүзүлүп келет, ошондой эле мектеп мугалимдери, ЖОЖдордун окутуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жаан башка кесиптик топтор үчүн билим берүүчү курстар жүргүзүлүп жатат.

2000

Экомектеп – 2000

Долбоордун алкагында мектеп окуучуларын шаардын экологиялык көйгөйлөрүнө тартууга багытталган тренинг-сабактар өткөрүлдү, мектептин жанындагы участокторду жана гүлбактарды жашылдандыруу жүргүзүлдү.

1999

Экологиялык видеотека

Видеотекага оригиналдуу экологиялык видеофильмдер, мультфильмдер ж.б. камтылган 60тан ашык видео кассета кирет, ошондой эле студенттер, “БИОМ” мүчөлөрү жана башка экологиялык уюмдар активдүү колдонуп жаткан 1500 басылмадан ашык китепкана фонду түзүлдү.

1999

“Жаштар жана экологиялык аң-сезимди калыптандыруу көйгөйү” герман-борборазия форумун уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу. “Кыргызстандын жаштар вектору” бириккен тобунун курамында жана К.Аденауэр фондунун колдоосу менен Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын жаштарынын экологиялык аң-сезимин калыптандыруунун жалпы стратегиясы талкууланды. Бул өлкөлөрдөгү экологиялык билим берүү маселелери менен алектенген уюмдар менен байланыштар түзүлдү, маалымат алмашуу жөнгө салынды. Форумдун иши ага катышкан ММКларда кеңири чагылдырылды.

Климаттын өзгөрүүсү

2015

Климаттын өзгөрүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү Улуттук Билдирүүсүн иштеп чыгууга катышуу.

2012

Ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында кыргыз республикасынын токой жана аңчылык секторун реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу боюнча ишке катышуу.

2011

Коомдоштуктардын деңгээлинде климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялануу механизмдери жана практикалары боюнча улуттук тегерек стол

Тегерек стол Швейцариянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ГЭФ чакан гранттар программасы аркылуу ишке ашырылып жаткан коомдоштуктардын деңгээлинде климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу боюнча БУУӨП/ГЭФ программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттик жана “БИОМ” экологиялык кыймылы тарабынан өткөрүлдү (”Коомдоштуктардын адаптациялануусу: улуттук саясаттарга интеграциялоо жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасындагы кызматташтык” долбоору). Тегерек столдун ишинин жыйынтыгы боюнча “Климаттын өзгөрүүсү: коомдоштуктардын деңгээлиндеги адаптациялык практикалардын мисалдары” брошюрасы даярдалды жана чыгарылды.

2011

Борбор Азиянын Жарандык Коомунун Уюмдарынын Климаттык Коалициясы

Субрегиондун активдүү ЖКУ үчүн, улуттук ЖКУ климаттык тармактары, эксперттер, жергиликтүү коомдоштуктардын эксперттери, жаштар, академиянын жана илимдин прогрессивдүү өкүлдөрү, ошондой эле активдүү калк үчүн талкуу, маалымат, пикир, тажрыйба жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу жана кесепеттерин жумшартууну жайылтуунун туруктуу ыкмаларын алмашуу үчүн жана туруктуу социалдык өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен комплекстүү чечимдерди издөө үчүн борбор-азиялык субрегиондук бейөкмөт аянтча. БИОМ Кыргызстан боюнча тармактын ишине кураторлук кылат.

2011

Кыргызстанда климаттын көйгөйлөрүн чечүүнү каржылоого даяр болуу үчүн дараметти өстүрүү жана институт куруу боюнча долбоор

Демилгенин алкагында Кыргызстандагы түйүндүү институттарды Тааныштыруу жана климат жаатында финансылоонун эл аралык түзүмү жана айыл чарба, токой чарба секторундагы жана башка чектеш жааттардагы жер пайдалануунун башка формаларындагы климаттын көйгөйлөрүн чечүүнү финансылоо мүмкүнчүлүктөрүнө жетүүнү камсыздоо маселелери боюнча тиешелүү персоналды окутуу жүргүздү. Мындан тышкары, "Re-vegetation of Riparian Floodplains and Rehabilitation of Kyrgyzstan’s Wetlands" PIN NAMA иштелип чыкты. Долбоор КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттик, Германиядагы жаратылышты коргоо боюнча Михаэль Зукков фонду жана "Atlas" экологиялык укук боюнча кеңеш берүү агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылган.

2010

Экологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине кыргызстандын жергиликтүү коомдоштуктарынын саламаттыкты сактоо тутумунун адаптациялануу дараметин жогорулатуу маселелери боюнча коммуникациялык-маалыматтык өнөктүк

Долбоордун алкагында экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга жана энергиянын калыбына келүүчү булактарын пайдаланууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, аймактарды жергиликтүү түрлөр менен жашылдандырууга жана калктын саламаттыгы үчүн климаттын өзгөрүүсүнөн болгон тобокелдиктерди азайтуу боюнча жергиликтүү пландарды иштеп чыгууга багытталган коммуникациялык-маалыматтык өнөктүк өткөрүү жолу менен Кыргызстандын 7 облусунун жергиликтүү коомдоштуктарынын саламаттыгын коргоо тутумунда климаттын өзгөрүүлөрүнүн кесепеттерине адаптациялануунун дараметин жогорулатууга негизги басым жасалды. Долбордун алкагында плакаттардын сериясы, “Климаттын өзгөрүүсү жана саламаттык” пособиеси ж.б. материалдар даярдалды жана чыгарылды.

2008

Кыргызстандын экологиялык уюмдарын колдоо жана алардын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы потенциалын жогорулатуу жана климатты турукташтыруу долбоору

2007

"Биологиялык ар түрдүүлүк – туруктуу климат" маалыматтык өнөктүгү

Долбоор климатты турукташтыруудагы биологиялык ар түрдүүлүктүн ролу маселелери боюнча калктын маалымат алуусун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

2007

“Кыргызстандын жергиликтүү коомдоштуктарынын климаттын өзгөрүүсүн кабыл алуусу” изилдөөсү

2007 – 2008

“Климаттын өзгөрүүсү жана кыргызстандын жандуу жаратылышы” маалыматтык өнөктүгү

Долбоор КР борбордук ЖОЖда маалыматтык жолугушууларды өткөрүү, климаттын өзгөрүүсү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы боюнча маалыматтык плакаттарды жана баннерлерди басып чыгаруу жана жайылтуу жолу менен климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча КР ЖОЖдорунун студенттеринин жана жаш адистеринин маалымат алуусунун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Туруктуу Өнүгүү Саясаты

2013

2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүгүүгө өткөрүү боюнча өлкөлүк программаны иштеп чыгууга катышуу. Чөйрө боюнча бөлүмдөрдү даярдоо, ошондой эле Программаны ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн Планынын башка бөлүмдөрүнө экология маселелерин киргиз. КР Экономика министрлигинин калкасы алдында, министрликтердин жана ведомстволордун жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен.

2013

Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын туруктуу өнүгүү боюнча региондук программаларынын экологиялык компонентин жана билим берүү маселелерин иштеп чыгууга катышуу.

2011 – 2012

РИО+20 Туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөлүк конференциясында Кыргызстандын позициясын көрсөтүү үчүн стратегиялык документтерди даярдоо. “кыргыз Республикасындагы “жашыл” экономиканын документтерин даярдоо. БУУ Өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө.

2001

2001-жылдан тартып БИОМ коомчулуктун экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө катышуусу маселелери боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүп келет.

Экологиялык коопсуздук

2014 – 2015

Кыргыз республикасында пестициддер менен иштөө чөйрөсүндө маалымат алууну жогорулатуу боюнча маалыматтык өнөктүк

2014 – 2015

Улуттук ченемдерди жана стандарттарды жакшыртуу жана суу менен жабдуу, санитария жана гигиена секторуна жарандардын катышуусун жайылтуу

2014 – 2015

Мурдагы советтер союузунун аймагында колдонулбаган кооптуу химиялык заттар менен иштөөнүн мисалы катары эскирген пестициддерди урунууну жоюу жана токтотуу үчүн дараметти жогорулатуу, аярлуу максаттуу топторго пестициддердин тийгизген таасирин изилдөө

2013

Кыргыз республикасында борбордон ажыратылган кызматташтык аркылуу сууга жетүү жана санитария боюнча жагдайды жакшыртуу

2013

Кыргызстандын жарандарынын экологиялык укуктары!

Долбоордун максаттуу тобу – журналисттер, ММК, жарандардын экологиялык укуктарын коргоо боюнча иштеген коомдук уюмдардын кызматкерлери жана долбоордун жергиликтүү коомдоштуктарынын эки пилоттук тобу болуп калды. Долбоордун алкагында коомчулук үчүн экологиялык-маанилүү чечимдерди кабыл алуудагы колдонмо, плакаттар, баракчалар жана башка маалыматык материалдар иштелип чыгып жана басып чыгарылды, экологиялык коопсуздук жана жарандардын экологиялык укуктарын коргоо боюнча журналисттер үчүн лекторий өткөрүлдү, лекторийдин угуучуларынын медиа-продукттарын андан ары колдоо камсыздалды. Ошондой эле “Бишкек шаарынын экологиялык коопсуздугу” маалымат-жыйыны өткөрүлдү, интернет-мейкиндикте долбоордун ишин чагылдыруу камсыздалды, социалдык тармактарда баракчалар ачылды, youtube жана башкаларда порталдар иштелип чыкты, мындан тышкары, долбоордун алкагында экологиялык коопсуздук жана “социалдык адилеттик максатында ак ниет башкаруу” долбоорунун пилоттук айылдары үчүн экологиялык-маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун катышуусу маселелери боюнча 2 семинар-тренинг өткөрүлдү.

2012

Суу менен жабдуу, санитария жана гигиена тутумдарынын дизайндарына/инженердик долбоорлоруна коюулуучу талаптарды изилдөө жана талдоо

Долбоор Кыргызстандын мектептериндеги жана медициналык мекемелериндеги суу менен жабдуу, санитария жана гигиена (ССГ) тутумдарынын дизайндарына/инженердик долбоорлоруна коюлуучу талаптарды, ошондой эле ССГ менен камсыздоо маселелериндеги мамлекеттик органдардын ролун жана жоопкерчилигин изилдөөгө жана талдоого жана Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарын баалоого багытталган. Долбоордун алкагында ССГ долбоорлоо жана куруу стандарттарын комплекстүү изилдөө жүргүзүлгөн жана бул иштин алкагында сунуштарды даярдалган.

2012

Аялдаор жана балдар үчүн экологиялык коопсуздук

Долбоор экологиялык коопсуздуктун прикладдык аспекттери жана жарандардын экологиялык укуктарын коргоо маселелери боюнча маалыматтык кампанияны өткөрүү аркылуу ден соолук үчүн экологиялык тобокелдиктерден аярлуу топтордун корголушун жогорулатууга багытталган. Коюлган максатка жетүү үчүн долбоордун алкагында тамак-аш товарларынын экологиялык коопсуздугу изилденген, тиричиликтеги экологиялык коопсуздук маселелери боюнча маалыматтык материалдар иштелип чыккан жана чыгарылган: "Ата-энелер жана социалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн экологиялык коопсуздук" басылмасы, “Ичүүчү суу жана санитария”, “Тамак-аш коопсуздугу” тематикалык плакаттары ж.б., кызыкдар тараптар менен экологиялык коопсуздук маселелери боюнча жолугушуулар өткөрүлгөн жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана кырдаалды өзгөртүү боюнча сунуштар чечим кабыл алуучу адамдарга берилген.

2009

“Коркунуч менен жанаша жашаганды үйрөнөбүз” окуу куралы боюнча мугалимдер үчүн семинарлар. Долбоор UNDP менен өнөктөштүктө, ПРООН “жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин башкаруу” программасы тарабынан ишке ашырылган.

2009 – 2010

Тажикистанда жана кыргызстанда улгайган адамдардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы жана алардын арасында кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу

HelpAge International Central Asia менен өнөктөштүктө Кыргызстанда долбоордун компонентин ишке ашыруу.

2004

Кыргызстан коомдоштугу экологиялык коопсуздук үчүн

Долбоордун алкагында бир нече Экосан-дааратканалар курулган жана экологиялык санитария боюнча кеңири билим берүү кампаниясы өткөрүлгөн. Долбоор WECF, Тышкы иштер министрлиги (Нидерланддар) менен өнөктөштүктө ишке ашырылган.

2004

Баары үчүн тиричилик экологиясы

Долбоордун алкагында “Тиричилик экологиясы” китеби жана орус жана кыргыз тилдериндеги тематикалык буклеттердин сериясы чыгарылган.

2003

2003-жылдан тартып жеке экологиялык коопсуздук маселелери боюнча ММКда маалыматтык кампания өткөрүлүп келет.

2003 – 2004

Суу – жашоо булагы

Долбоор сууну керектөө жана мектептерде туруктуу суу пайдалануу практикаларын өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүүдө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн (Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан) мугалимдеринин жана жаштарынын дараметин жогорулатууга багытталган. Долбоордун алкагында сууну үнөмдөө көйгөйлөрү боюнча Борбордук Азия мектептери үчүн окуу китеби чыгарылган, ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын мектептеринин мугалимдери үчүн “Биз менен бирге Жашоонун айлампасын бириктир!” жайкы лагери өткөрүлгөн. Өнөктөш уюмдардын тобунун кызматташтыгынын аркасында долбоорду ишке ашырууга мүмкүн болгон: "ЭкоОбраз" жана "ЭкоЦентр" ӨЭУ (Казакстан), "БИОМ" экологиялык кыймылы (Кыргызстан), "Атроф мухит ва соглом хает" коомдук борбору (Өзбекстан) жана "Headley Trust" британ фондунун колдоосунда "Field Studies Council" (Улуу Британия).

1999

1999-жылдан тартып "БИОМ" жеке жана топтук экологиялык коопсуздуктун концепциясын иштеп чыгат, экологиялык коопсуздукту камсыздоонун методдору жөнүндө жергиликтүү коомдоштуктардын маалымдуулугун жогорулатуунун үстүнөн иштей баштайт.

1997 – 1998

“Таза көлмөлөр”, “Бзидин паркты сактайлы” ж.б. жалпы шаардык экологиялык акциялары.

Таза энергия жана энергиялык майнаптуулук

2011 – 2015

Туруктуу келечек үчүн энергиялык майнаптуулук

Долбоор туруктуу энергетикалык секторду өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, парник газдарынын чыгындыларын төмөндөтүүгө, курчап турган чөйрөгө таасирин азайтууга, жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган жана коомдо туруктуу энергетика идеяларын жана энергияны үнөмдөө методдорун жайылтууга арналган.

2009

Энергиянын кайра жаралуучу булактары – кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

2009

Андан ары айылдарга аны жайылтуу менен эл аралык волонтерлордун күчү менен күн челектерин куруу

2009 – 2010

Geres технологиясы боюнча энергиялык майнаптуу күнөсканаларды куруу боюнча долбоор, индия, гунду курш гималай

2005 – 2007

Күн энергиясы - кыргызстанга

Долбоор Норвегиялык Жаратылышты коргоо коому менен өнөктөштүктө ишке ашырылган. Долбоордун алкагында күн энергиясын пайдалануу чөйрөсүндө Кыргызстандын жергиликтүү коомдоштуктарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча практикалык семинарлар, күн орнотмолорун куруу боюнча калк үчүн мастер-класстар өткөрүлгөн, маалыматтык-методикалык окуу куралдары чыгарылган, көрсөтмөлүү көргөзмөлөр уюштурулган.

2003
- бүгүнкү күнгө чейин

Ресурстарды жана энергияны сактоо боюнча мектеп долбоору

Долбоордун максаты жаңы, Туруктуу жашоо образына мектеп окуучуларынын көңүлүн буруу, инновациялык билим берүү методдорун иштеп чыгуу жана мектеп процессине киргизүү, СО2 чыгындыларын төмөндөтүүгө реалдуу салым кошуу жана табигый экотутумдарды сактоо болуп саналат.

2000

2000-жылдан тартып БИОМ энергиянын альтернативалуу булактарын пайдалануу чөйрөсүндө инновацияларды иштеп чыгуу жана энергиянын альтернативалуу булактарынын ар кандай түрлөрүн пайдалануу боюнча калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында иш алып барууда.

1999

Калдыктар – кирешеге

Долбоордун алкагында КР ИА Химия илимий-изилдөө институту жана автоматика институту менен биргеликте биогаз орнотмосу конструкцияланган, биогазды алуу, вермикультура ж.б. көйгөйлөрү боюнча бир катар семинарлар өткөрүлгөн.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо

2014

"Республика" парламенттик фракциясынын көчмө жыйынынын алкагында экологиялык сунуштардын пакетин иштеп чыгуу

2013

2020-жылга чейин Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо улуттук стратегиясы жана 5-КР биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук отчету үчүн маалыматтык-аналитикалык блокторду иштеп чыгуу жана талкуулоого катышуу

2013

Тоо илбирсин сактоо улуттук стратегиясы үчүн маалыматтык-аналитикалык блокторду иштеп чыгуу жана талкуулоого катышуу

2013 – 2014

“Ысык-көл” биосфералык резерватынын чегинде корголуучу аймактардын тармактары үчүн дараметти кеңейтүү долбоорунун алкагында кара-коо аймагын изилдөөнү өткөрүү

2012

Кыргызстандын токойлорун колдоо үчүн коомдук маалыматтык кампания

Долбоор “Жаш Токойчу” республикалык балдардын-өспүрүмдөрдүн конкурсун өткөрүү аркылуу экологиялык тарбиялоого, экологиялык-токойчулук билим берүүгө жана кесиптик багыттоого шарт түзгөн, окуучулардын туруктуу өнүгүү жаатындагы билимиң кеңейтүү жана тереңдетүү, токой экологиясы, токойчулук жана токойду коргоо методдору, токой экотутумдарын калыбына келтирүү боюнча жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү алуу боюнча демилгелерин колдоого багытталган. Долбоордун жыйынтыгы Улуттук Юниордук конкурстун алкагында ар тараптуу Республикасын Номинациялык Комитетти уюштуруу, КЧКжТКМАле жана КР БжИМде бекитүү менен “Жаш Токойчу” республикалык балдардын-өспүрүмдөрдүн конкурсунун жобосун даярдоо, конкурсту өткөрүү жана “Токой кызматкерлеринин күнүн” белгилөөнүн алкагында конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп калды.

2009

“Салттуу Токой Билимдери, Климаттын Өзгөрүшү Маселелериндеги Токойлордун Ролу Жана Евразиянын Биологиялык Ар Түрдүүлүгүн Сактоо” Эл Аралык Илимий-Практикалык Конференциясы

2008 – 2009

Кызыл китепке киргизилген өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүн, ошондой эле алардын жашаган орду катары – табигый экотутумдарды сактоо үчүн маалыматтык компания

Долбоор токойчулар менен билим берүү жолугушууларынын, семинарлардын серияларын өткөрүү ошондой эле Кызыл Китепке кирген түрлөрдү сактоо маселелери боюнча материалдарды чыгаруу жана жайылтуу аркылуу, Кызыл Китепке киргизилген өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүн, ошондой эле алардын жашаган орду катары табигый экотутумдарды сактоо боюнча коомдоштуктардын дараметин жогорулатууга багытталган.

2006 – 2008

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча кыргызстандын жергиликтүү коомдоштуктары

Долбоор жапайы жаратылыштын кичи коруктарынын тармактарын түзүү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн ролу жөнүндө кеңири кампанияны өткөрүү аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого Кыргызстандын жергиликтүү коомдоштуктарынын дараметин жогорулатууга багытталган.

2006 – 2008

Кыргызстандагы токойлордун биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча иштердин кеңири программасын аткарууга көз карандысыз мониторинг өткөрүү боюнча долбоор

2006 – 2007

Коомдоштуктарды токойлорду биргелешип башкраууна тартуу боюнча маалыматтык компанияны өткөрүү аркылуу кыргызстандын токой саясатын ишке ашыруу

Долбоордун алкагында маалыматтык материалдардын пакетин чыгаруу жана жайылма (Нарын облусу), карагай (Ысык-Көл облусу) жана жаңгак-мөмө (Жалал-Абад облусу) токойлору өскөн зонада жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктарда 6 тренингди өткөрүү аркылуу токой секторунун облустук башкармалыктарынын жана токой чарбаларынын кызматкерлеринин жана жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн токойлорду биргелешип башкаруу жаатындагы маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш уюштурулган.

2005 – 2006

Кыргызстандын кызыл китебинин жаңы чыгарылышын даярдоого жана чыгарууга катышуу

2004

ГЭФ/ДБ “Батыш Тянь-Шандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо” борборазиялык долбоору менен биргеликте Алматыдагы, Бишкектеги, Оштогу, Ташкенттеги “Бирлогиялык ар түрдүүлүк – Жашоонун тканы” борборазиялык маалыматтык кампаниясы.

2001 – 2005

Сары-Челек, Беш Арал жана Аксу-Жабаглы коруктарынын буфердик зоналарынын айыл жашоочулары үчүн тренингдер.

2000

“Кыргызстанда токойсуз калуунун жана токойлордун деградациясынын негизги себептери” ачык улуттук жыйыны

2000

“Жаратылыш ресурстарын башкаруу секторунун сереби” эксперттер жолугушуусу

1998

1998-жылдан тартып БИОМ Кыргызстанда Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенцияны ишке ашыруу боюнча экологиялык топтордун ишине катышып келет.

1998

1998-жылдан тартып Кыргызстанда табигый экотутумдардын деградациясынын алдын алууга, аларды сактоого жана туруктуу пайдаланууга багытталган экотутумдук ыкманын принциптерине негизделген долбоорлор ишке ашырыла баштаган.

1995

"Росток" экологиялык акциясы

Акция "Туулган Жерим" ӨЭУ менен биргеликте ишке ашырылган, Фрунзе токой чарбачы үчүн уруктар жана көчөттөр топтолгон.

1994

Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо акциялары

1994 –жылдан тартып "БИОМ" биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо акцияларын уюштуруп келет: “Канаттуулардын аман калышына жардам берели”, "Өзүңдүн багыңды отургуз” ж.б.у.с. жана “Парктардын маршы” ар жылдык экологиялык акциясын уюштурууга катышып келет".

Кыргызстандын тоолору
Кыргызстандын кемирүүчүлөрү