Жашыл климат” долбоору Кыргызстандын педагогикалык адистиктери бар аймактык университеттерин кызматташууга чакырат. Кызматташуу климаттын өзгөрүшү теориясынын кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо боюнча иш-аракеттер, коомчулукту мобилизациялоо, социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүгүү боюнча мультидисциплинардык академиялык модулдарды иштеп чыгат жана ишке киргизет. Иштелип чыккан модулдар тандалган пилоттук университеттердин базасында пилоттук түрдө өткөрүлөт. Кызыккан тараптарды, кызыкчылык каттарды жөнөтүүгө чакырабыз. Кызыкчылык катында төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: педагогикалык адистиктердин студенттеринин бар экендиги жана саны, климаттын өзгөрүшүн жана туруктуу өнүгүүнү окутууга кызыгуусу, дисциплиналар аралык модулдарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторго кошулууга даяр профессордук-окутуучулар курамынын болушу, университеттин базасында пилоттук модулду ишке киргизүү, байланыш маалыматы. Кызыккан каттарды Жаркынай Арзыкулова zh.arzykulova@gmail.com дарегине 2022-жылдын 20-майына чейин жөнөтүңүз.