Кыргыз Республикасында пестициддерди колдонуунун тобокелдиктерин кыскартуу

Бул семинарды өткөрүүнүн актуалдуулугу ачык — бул мурдагы СССР өлкөлөрүндө пестициддин таасирине байланыштуу учурдагы тобокелдиктер боюнча изилдөө натыйжаларына негизделип аныкталды, ушул химиялык агенттерди пайдаланууга байланыштуу социалдык аспектилерге жана алсыз топторду аныктоого көңүл бурулду. Изилдөө «БИОМ» Эколодиялык Жокердиги тарабынан жүргүзүлгөн.
Иш-чаранын максаты — Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжаларын сунуштоо, пестициддерди пайдалануу тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча иш-аракеттерди пландоого байланыштуу маселелерди талкуулоо жана Кыргызстандагы бардык аймактарда пестициддерди пайдалануу боюнча тобокелдиктерди азайтуу үчүн маалыматтык кампанияны баштоо.
Билим берүү, илим жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Химиялаштыруу жана Өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин регионалдык башкармалыктары жана FAO менен Европалык Союздун өкүлдөрү семинарга катышышты.

текст жана фото: Ирина Байрамукова