Урматтуу кесиптештер, сиздерди Алексей Олегович Кокорин менен жарандык уюмдар жана жаштардын жыйынына катышууга чакырабыз — Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты жана Климаттык өзгөрүүлөр боюнча өкмөттөр аралык панелдин (IPCC) мүчөсү, климаттык өзгөрүүлөр чөйрөсүндө 40 жылдык тажрыйбасы бар.
1994-жылдан бери А. О. Кокорин БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Рамка конвенциясынын (UNFCCC) иш аракеттерине активдүү катышып келет, 1990-жылдарда Орусиянын делегациясынын мүчөсү катары, ал эми акыркы 20 жыл бою байкоочу жана көз карандысыз эксперт болуп. Ал WWFтин Борбордук Азия Программасы менен жакын кызматташат. 2000-жылдан бери Алексей Олегович Кокорин Дүйнөлүк жаныбарларды коргоо фондунда «Климат жана Энергия» программасынын директору болуп иштеп келет.
Орду: Кыргызпатенттин Инновациялык борбору, дареги: Эркиндик көчөсү, 58А.
Убактысы: 19-май, 13:00дөн 16:00гө чейин
* «Жаштардын климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүүсү/жашыл климат» долбоору Европалык Союз тарабынан финансылык колдоо алат. Долбоор Норвегиянын табийгатты коргоо коомунун жалпы координациясы астында «БИОМ» чөйрөсүнүн кыймылы жана «ГЛИП» жарандык уюму жана WWFтин Борбордук Азия Программасыменirts башкарылууда.