Экологиялык кафе "Климаттык өзгөрүүлөргө шалкымдылык."

Отуздан ашуун журналист, жаш блоггерлер жана экологиялык активисттер Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан экологиялык кафе үчүн катышты.
Иш чара Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында медиа секторлорду климаттык өзгөрүүлөр боюнча илимдер жана адистер менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү, ошондой эле журналисттерди пилоттуу айылдардагы долбоордун иши менен тааныштыруу, ал жерде калк климаттын жана өзгөрүүлөрдүн алсыздыктарын баалоону үйрөнөт жана коомдогу жашоо шарттарын өзгөртүү үчүн эскертүү, алсыздыктарды жана коркунуч факторлорун минимумга алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзөт.
Мындан тышкары, жергиликтүү коомдоштуктарга климаттык өзгөрүүлөрдү өз алдынча баалоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү инструменттер сунушталды, ошондой эле алсыздыктарды алдын алууга мыкты практикаларды колдонуу.
Экологиялык кафенин аягында катышуучулар климаттык өзгөрүүлөр боюнча алган билимдери менен гана эмес, эң мыкты басылмалар үчүн алган сыйлыктар менен да кетишти. Долбоор кызматташууга ачык жана климаттык өзгөрүүлөр маселелерин Кыргызстанда чагылдыруу боюнча бардык кызыкдар журналисттерди кызматташууга чакырат!
«Жашыл климат/Жаштардын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугу» деген долбоор Европалык Биримдик тарабынан каржыланат жана Норвегиянын Табиятты сактоо коомунун ННВсы менен «БИОМ» Экологиялык кыймылы жана «ГЛИП» Жарандык Уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.