Долбоору Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү жамааттары арасында долбоорго пилоттук жамааттар катары катышуу үчүн сынак жарыялайт.

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Жашыл климат» долбоору Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү жамааттары арасында долбоорго пилоттук жамааттар катары катышуу үчүн сынак жарыялайт.
Пилоттук жергиликтүү жамааттардын аймагында климаттын өзгөрүүсүнө алсыздыгын баалоо жүргүзүлөт, экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттардын, аялдардын жана жаштардын катышуу практикасы иштелип чыгат жана ишке ашырылат; климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого пилоттук долбоорлордун планы иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
Конкурс боюнча толук маалымат: https://safe.edu.kg/…/kl-burgula-synak-vnimanie-konkurs/
Документтерди ушул жылдын 1-ноябрына чейин кыргыз же орус тилдеринде электрондук почтага azat.alamanov@mail.ru жөнөтүү зарыл. Кызыккандар 0(700)700349 (WhatsApp) номери боюнча долбоордун экспертине Азат Аламановго кайрылып толук маалымат алса болот.
«Жашыл климат — Климаттын өзгөрүшүнө жаштардын туруктуулугу» долбоору Норвегиянын жаратылышты коргоо коомунун жалпы координациялоосу алдында, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана «ГЛИП» бейөкмөт уюму менен биргеликте, Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.